Жолтандабастын айнегинен чыгып алып бийлеген кыз кулап түштү. Видео

Окуя Россиянын Махачкала шаарында болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Интернетте кыз автоунаанын айнегинен белине чейин чыгып алып бийлеп жатып жерге кулап түшкөн видео тарады.
Кадрларды анын артынан бара жаткан автоунаанын ичиндегилер тартып алган. Видеодо айнектен чыгып алып бийлеп жаткан кыз артка ийилем деп тең салмактуулукту жоготуп, башы менен асфальтка кулап түшкөнүн көрүүгө болот.
Андан соң эч кимдин жардамы жок эле туруп, чуркап кеткени тартылып калган.
Окуя Россиянын Махачкала шаарында болгону айтылды.
Мурда дагы мас болуп кармалган. Милиция интернетте талкууланган айдоочу кыз тууралуу