Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 99 жаштагы ардагери көз жумду

Бүгүнкү күндө Ошто үч ардагер калганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Тягунова 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу муниципалитет кабарлады.
Тягунова согуш жылдарында Украина фронтунун 232-госпиталында аскердик санитар катары кызмат өтөп келген.
Бүгүнкү күндө Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери калганы айтылды.
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар