БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелде автотранспорттун өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө бар экенин Транспорт жана коммуникация министрлиги эскертүүдө.
7-августка чейин киргизилген чектөөлөр күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Автотранспорт төмөнкү сааттарда өтө албайт:
4:00дөн 6:00гө чейин;
08:00дөн 10:00гө чейин;
12:00дөн 14:00гө чейин.
Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болот.
Министрлик айдоочулар менен жүргүнчүлөрдөн транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.