Кытай армиясы дагы бир ири машыгуусун баштады

Окуу-машыгуу бир жумадан ашык убакытка созулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кытай армиясы Сары деңиздин түштүк жээгинде дагы бир ири машыгуусун баштаганын RT жазды.
Өлкөнүн Деңиз коопсуздугу башкармалыгынын маалыматы боюнча окуулар 6-15-август күндөрүнө белгиленген.
Эскерте кетсек, Кытай АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге келип кетишинен кийин Тайвандын айланасында ок атуу менен коштолгон машыгуусун 4-августта баштаган.
Пелоси Тайванга Азия турнесинин алкагында шейшемби күнү кечинде келген. Эртеси жергиликтүү администрация жетекчиси Цай Инвэнь менен жолугуп, андан ары Кореяга бет алган. Бул АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери тарабынан 1997-жылдан берки Тайванга жасалган биринчи сапар болду.
Кытай Тайванды өзүнүн провинциясы катары эсептеп, дипломатиялык мамилеси бар өлкөлөрдүн Тайбэй менен кандайдыр бир байланыш түзүүсүнө каршы чыгып келет.
ЖМК: Кытай аскер командачылыгы АКШнын байланышуу аракетине жооп бербей жатат