Кыргызстандын алтын валюта резерви бир айда 86,9 млн. долларга азайды

Июндун соңунда резерв 2,6 миллиард доллардан ашкан, бирок кийинки айда көлөмү азайып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Улуттук банктын алтын валюта (эл аралык валюталык) резерви июль айында 86 миллион 870 миң долларга азайды.
Улуттук банктын резервдер көлөмү боюнча маалымат:
июнь айынын соңунда — 2 миллиард 635 миллион 350 миң доллар;
июль айынын соңунда — 2 миллиард 548 миллион 480 миң доллар.
Башкы банктын сайтында жазылгандай, июлда интервенция жасалган эмес, башкача айтканда, чет элдик валюта сатып алып же саткан жок. Резервдин кыскарышынын себеби көрсөтүлгөн эмес. Азыркы жагдай өткөн жылдын март айынан берки эң төмөнкү көрсөткүч болууда, анда 2,5 миллиард долларды түзгөн.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Кыргызстанда акчанын көлөмү алгачкы жолу 200 млрд. сомдон ашты