Кыргызстанда кумшекер арзандай баштады

ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн жана коңшулардын ичинен кумшекердин баасы Кыргызстанда төмөн экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өлкөдө кумшекер арзандай баштаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады.
Билдирмеге караганда, азыркы тапта мамлекет ун, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт сыяктуу маанилүү азыктарды арзандатуу аракетин көрүүдө. Буга байланыштуу мамлекеттик кызматта жыйын өтүп, базар, соода түйүндөрүндө кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
"Буга чейин кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана чакан дүкөндөр менен кумшекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (1 килограммы 79 сом, күнүнө бир адамга 1 килограмм гана берилет). Көрсөтүлгөн көлөмдөн көп алгандар үчүн кумшекердин бир килограммы 85 сомдон сатылат. 1-августтан баштап "Глобус", "Народный", "Фрунзе" соода түйүндөрүндө кумшекердин килограммын 84 сомго чейин сатуу макулдашылган", — деп айтылат маалыматта.
4-августта мамлекеттик кызматта дагы бир кеңешме өтүп, анын жыйынтыгында соода түйүндөрү үчүн "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ААКнын сатуу баасын төмөндөтүү боюнча дагы бир келишим түзүлгөнү айтылды. Ага ылайык, керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген (социалдык) баасы бир сомго төмөндөп, 1 килограммы 78 сомдон сатылмай болду.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн жана коңшулардын ичинен кумшекер Кыргызстанда арзан экенин белгилеп, баасын да көрсөткөн.
Казакстанда кумшекер талашкан адамдар дүкөндү каптап калды. Видео