Кандын тобу жашоонун узактыгына таасир этет. Кардиологдун түшүндүрмөсү

Мындай адамдардын каны начар уюгандыктан көп учурда кансыроодон каза болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кардиолог Владимир Подхомутников "Доктор Питер" порталына берген маегинде каны I топко кирген адамдар узакка жашай турганын айтып берди.
Адистин маалыматында каны биринчи топко кирген адамдардын тромбозго жана миокард инфарктына чалдыккан учуру сейрек көрүнүш. Анткени бул группадагы кан көп уюбайт.
"Мындай адамдар эмболия, тромбоз жана миокард инфаркты ооруларына чанда чалдыгып, улгайган куракка чейин өмүр сүрүшөт", — деп билдирди профессор.
Бирок ошол эле учурда кандын начар уюшунан улам бул топтогу адамдар көп учурда кансыроодон каза болору айтылды.
Инфаркт, инсультка кептеген гипертониянын белгиси, алдын алуу жолу айтылды