БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Накталай доллар жетишсиз болуп жаткандыктан айрымдар алып-сатууну сом менен жүргүзө башташты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин директору Елена Гононова билдирди.
Эске салсак, акыркы учурда рынокто накталай валютанын жетишсиздиги байкалууда.
"Долларды накталай берүүгө чектөө киргенден кийин алгачкы эки жума көйгөй жаралды. Алып-саткандардын 20 пайызга чукулу сом менен келишим түзүүгө өттү. Калгандары долларды ар кандай жол менен накталай таап, төлөп жатышат. Азыр эсептешүү негизинен доллар менен жүрүп жатат, бирок биз кардарлар менен келишимди сом менен түзөбүз", — деди адис.
Анын айтымында, учурда кээ бир жарандар накталай же эсепте сакталган долларларды инвестициялоо үчүн кыймылсыз мүлк сатып алып жатышат.
Гононова кардарлар учурдагы кырдаалды эске алып жатканына токтолгон. Маселен, керектүү сумманы доллар менен таппаса, сүйлөшүп жарымын сом, жарымын доллар менен төлөшүүдө.