Бийлик кафелерде милдеттүү түрдө улуттук суусундук саттырууну көздөп жатат

Мындай норма ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында демилгеленген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Коомдук тамак-аш объектилерине алкоголсуз суусундуктарды сатууда 50 пайызы ата мекендик өндүрүш болушу керек деген талап коюу сунушталды. Бул туурасында токтом долбоору 1-августта министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлган.
Демилгечи — Экономика жана коммерция министрлиги. Максаты ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Мындай норма Дүйнөлүк соода уюмунун жана ЕАЭБдин алдындагы эл аралык милдеттемелерин бузбай турганы, рынокко чыгуунун бирдей шарттарын түзөрү белгиленген.
Эгер токтом кабыл алынса, ата мекендик суусундуктар коомдук тамактануу жайларындагы ассортименттин 50 пайызын түзүшү шарт.
Кыргызстанда этил спиртине 100 %дык мамлекеттик монополия киргизилет