Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Украинанын өзөктүк объектилеринде чагымчылык болушу ыктымал

Вишневецкий Россия АЭСке аскердик база түзүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Киев Украинанын өзөктүк объектилерине чагымчылык жасашы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Курал-жарактарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары Игорь Вишневецкийдин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Дипломат БУУда Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге катышкан өлкөлөрдүн конференциясында сөз сүйлөп, Чернобыль жана Запорожье атомдук электр станцияларындагы коопсуздукка тынчсызданып жатканын билдирген.
"Биздин Куралдуу күчтөрдүн аракеттери Украинадагы өзөктүк коопсуздукка зыянын тийгизбейт. Россиянын аскерлери бул станцияларды Украинанын улутчул түзүмдөрү жана чет элдик жалданма аскерлердин өзөктүк провокация уюштуруусуна жол бербөө максатында кайтарууга алган", — деген Вишневецкий.
Ал Россия Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Запорожье АЭСине барышына көмөктөшүп, коопсуздугуна кепилдик бергенине карабай уюмдун катчылыгы сапарды уюштуруудан баш тартып койгонун белгилеген. Дипломаттын айтымында, Киев бул миссиянын аткарылбай калышына башынан эле кызыкдар.
Вишневецкий Россия ал жерге аскердик база түзүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын кошумчалаган.
Россиянын аскерлери Запорожье АЭСин март айынан баштап кайтарууга алганы маалым.
РФ ТИМи: АКШ Россияга чабуул жасоо үчүн Украинанын IT-армиясын түзгөнүн моюндады