Аламүдүн капчыгайындагы суудан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Жигит 3-августта "Кой-Таш" эс алуу борборунун жанындагы сууга агып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Аламүдүн капчыгайындагы суудан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 3-августта Кой-Таш айылындагы "Кой-Таш" эс алуу борборунун жанында 24 жаштагы киши сууга агып кетти деген маалымат түшкөн.
"Мындан улам окуя болгон жерге ӨКМдин үч куткаруучусу жана жооптуу офицер чыгып кеткен. Сууга аккан жигиттин сөөгү кечки саат 20:26да табылган", — деп жазылат маалыматта.
Куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкени айтылды.
"Түндүк электрдин" кызматкери сууга аккан өспүрүмдү куткарып калды. Видео