Пелосинин Тайванга сапары. Кылдын учунан кайттык...

Август жаңырары менен дүйнө Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунан кайтты. АКШ Конгрессинин спикеринин Тайванга баруу демилгеси алгач күндөн бери эле Пекин тарабынан кескин сынга алынып келген. КЭР бийлиги өзүнүн "бирдиктүү Кытай" саясатын сыйлоону талап кылды.
Sputnik
Серепчи Виктория Никифорова да америкалык аткаминердин аталган аралга жасаган сапары тууралуу ой толгогон. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Үлкөн өлкөнүн бул саясатына ылайык, козголоңчу арал мамлекеттин бир бөлүгү, бөлөк өлкөлөрдүн лидерлеринин эч кандай иш сапарын уюштура албайт. Вашингтон буга моюн толгоп, ызы-чуу да салып келген. Пелоси Тайванга сөзсүз барарын, Си Цзиньпин ага көрсөтмө бере албастыгын кайталаган.
Жо Байден бул демилгени сындамыш болгону менен негедир спикердин Тайванга сапарын түз тыюу салган жок. Формалдуу түрдө, албетте, мында бийликти бөлүштүрүү принциби бар. Пелоси мыйзам чыгаруу бийлигине, Байден аткаруу бийлигине жооп берет. Анткен менен Жо Байден демократтардан шайланып келген президент, демек, партияда эң маанилүү киши эмеспи.
Пелосинин сапарына бардык маалымат агенттиктери тыкыр көз салды. Дүйнөлүк коомчулук да чыңалып, кулак түрдү. Тайванга кытайлык жана америкалык авиаташуучулар "агылды". Аскердик аэродромдордон истребителдер учуп чыкты. Тайвань кысыгында Кытайдын Аскер-деңиз флотунун машыгуулары өттү.
Пелоси 82 жашта, бир аягы төрдө, бир аягы көрдө чыгар, бирок Жердин миллиарддаган жашоочусуна өзөктүк алааматтын кереги жок. Аны мындай акылга сыйгыс жоруктан кайтууга чакыргандар АКШда да болду. Белгилүү журналист Томас Фридман The New York Times басылмасына жарыялаган макаласын "Конгресс спикери Нэнси Пелосини сыйлайм" деп баштап, андан Тайванга барбоону өтүнгөн. ЖМК өкүлүнүн маалыматына таянсак, спикерди бул сапарга чыгуудан аскерлер да, атайын кызматтар да, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директорунан тарта Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасына дейре айнытууга аракет кылышкан.
Украинадагы согуш аяктай элек, америкалыктар үчүн ал жактагы иштер оюндагыдай эмес, анан да Кошмо Штаттар эки фронтко согуша албайт. Азырынча Тайванды курал менен жабдууга туура келет.
Конгресстин спикеринин бул жоругу дүйнөгө эмнени көрсөттү? Биринчиден, өзөктүк держава болгон АКШ ким тарабынан башкарылып жатканы түшүнүксүз. Өлкө президенти да, жогорку даражадагы аскер кызматкерлери да Пелосинин бул сапарына жолтоо боло албады.
Тайванга америкалык ленд-лиз: жер жүзүн тыптыйпыл кылгысы барбы?
Экинчиден, Америкада кыязы жагдай ушунчалык начар болгондуктан алар жаңжал тутантып, кан күйгөн жердин баарында "оюнду кызытчудай". Ички башаламандыкты тезинен сыртка чыгаруу абзел, глобалдык согуш баарын жууп кетет деген тейдеги далалат десек жарашар. Бул Украинага да, аттиң, Кытайга да тиешелүү. АКШ Тайванды гана эмес, Тибетти да КЭРдин суверендүү территориясы катары санабаганын эске сала кетели. Гонконг, Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун макамы боюнча да америкалыктардын суроосу арбын, Вашингтон аларды Пекиндин бийлигинен "куткарууну" самап келет.
Үчүнчүдөн, тайвандыктардын тагдыры Вашингтонго баары бир. Элдин дүрбөлөңгө түшкөнү да түшүнүктүү. Аларды пайдалануу менен согушууга барышмак. Эми карапайым калк кытайлык аскердик кемелердин үйлөрүнө жакын жерден машыгып, окуу алкагында ракета атканын тыңдап күн кечиришет.
Тайвандыктардын көбү Пелосинин келишин жактырган жок. Ал тургай жергиликтүү эл буга каршылыгын билдирип, митингге чыгууга да аракет кылышты. Алар согушту таптакыр каалашпайт. Аралда КЭР менен сопсонун бизнес-алака бар. Баары жайында. Бирок аларга кулак салчу ким?
Төртүнчүдөн, Вашингтондун европалык желдеттери да камылга көрүп коюшканы оң. Алар болгон көйгөй жакында чечилерине үмүттөнүшкөн. Бирок Россияга каршы санкциялар башталышы эле экенине күбө болушту. Бир караганда Тайвань кайда, Европа биримдиги кайда деген суроо туулат. Анткен менен соңку убакта Кошмо Штаттар баарын Европа аркылуу жасайт эмеспи. "Жашыл эконикага өтүү", Украинада Россияга каршы согуш, Россияга каршы санкциялар, айтор, АКШ саясатынын жаңы бурулушу Европаны улам тоноп келет. КЭР менен тиреш да европалыктардын эсебинен жүргүзүлөрү ажеп эмес. Европалыктарды Кытайга да каршы "тозоктуу" санкцияларды киргизүүгө мажбурлашат. Бул алардын экономикасын толук кыйратары бышык.
Ушул тапта Кытай Европа биримдигинин негизги соода өнөктөшү, Россия ал тизмеде бешинчи сапта турат. Эгер Москвадан кол үзүү эле европалыктарды "90-жылдарга" кайтаргандай абалга салса, Кытай менен сооданы тоңдурууга араттенишсе аларды кандай күн күтөт? Жообу анык, бирок ачык айтылбайт. Европалыктар муну аңдап турушат.
Албетте, Кошмо Штаттар үчүн да Кытай менен толук масштабдуу тиреш кыйроого алып келет, себеби эки державанын экономикасы бири-бирине тыгыз байланышкан.
Пелосинин акылга сыйбаган кадамына караганда Кытай жетекчилигинин акылмандыгы жана эстүүлүгү айрыкча айырмаланды. Өзөктүк согушту тобокелге салып болбойт.
Кытай ушул күндөрү жоопкерчиликтүү глобалдык оюнчу өзүн кандай алып жүрүү керектигин көрсөтө алды. Бул үчүн ага чоң урмат-сый. Ал эми Америка өзүнүн чечилбей келе жаткан көйгөйлөрү турганда "дүйнөлүк полиция" бүт дүйнөнү барымтага алууга даяр экенин даана ачыктап койду...
БУУнун башкы катчысы Пелосинин Тайванга барышы боюнча үн катты