Москвага барган кыргыз танкачылары мелдешке даярдыкты баштады. Сүрөт

Танкачылардын мелдеши 13-августта башталып, 27сине чейин созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргыз танкачылары Москвадагы "Алабино" тактикалык-окуу комплексине барып, эл аралык "Танк биатлону — 2022" сынагына даярдыкты башташты. Бул туурасында Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, танк экипаждары соот техникасын кабыл алып, бир сыйра байкоо жүргүзүп, куралдарын текшерип атып көрүштү. Ошондой эле алдыдагы мелдештин маршруту жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
1 / 4

Кыргыз танкачылары Москвадагы "Алабино" тактикалык-окуу комплексине барып, эл аралык "Танк биатлону — 2022" сынагына даярдыкты башташты

2 / 4

Маалыматка ылайык, танк экипаждары соот техникасын кабыл алып, бир сыйра байкоо жүргүзүп, куралдарын текшерип атып көрүштү

3 / 4

Ошондой эле алдыдагы мелдештин маршруту жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты

4 / 4

"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат

"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.
Эске салсак, 2021-жылы КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетияны артта калтырып, өз тобунда биринчи орунду алган.
Быйыл өлкөнүн танкачылары биринчи дивизиондо эң күчтүү деп эсептелген Россия, Кытай, Казакстан жана Азербайжандын командалары менен ат салышат.
Сынак жеке жарыш, жарым финал жана "Эстафета" финалдык этаптарынан турат. Жарыш талаасында туура багыт алуу, танканы башкаруу, таамай атуу жана ок атууну башкаруу боюнча жөндөмдөрү бааланат.
Жапаров АрМИ-2021дин жеңүүчүлөрүн куттуктап, 2 млн. сомдой акча бөлдү. Сүрөт