БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Араб координациялык тобуна 90 миң орундуу мектеп жана бала бакчаларды куруу долбоорун сунуштады. Бул туурасында министр Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө авариялык абалдагы 245 мектеп бар, 126 билим уясында үч смена менен окуп жатышат. Мындан сырткары, бөбөктөрдүн 22 пайызы гана бала бакчага барат.
"Ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында Араб координациялык тобу менен атайын гранттык жана кредиттик багыттагы иштерди сүйлөшүп жатабыз. 60 миллион доллардын тегерегинде мектеп жана бала бакчаларды куруу боюнча демилге көтөрдүк. Эгер колдоо тапса, өлкөдө жалпысынан 45 миң бала мектеп менен камсыздалат, аны менен катар ушундай эле сандагы бөбөк бала бакчалуу болот. Ошол эле учурда 3 000 мугалимге жаңы жумуш орду түзүлөт", — деди Бейшеналиев.