Өлкөдө ишканалардын саны өстү. Багыты

Кыргызстанда иштеген компаниялардын жарымынан көбү айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук менен алектенет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда былтыркы жылга салыштырмалуу ишканалардын саны көбөйдү. 2021-жылдын башында өлкө аймагында 741 миң мекеме болсо, быйылкы жылдын 1-январына карата бул көрсөткүч 757 миңге жеткенин Улуттук статистика комитети билдирди.
Ишканалардын 98,4 пайызы (745 миңи) жеке менчик болсо, 1,1 (8,2 миң) пайызы гана мамлекетке тиешелүү. Ал эми 0,5 пайызы (3,9 миң) муниципалдык менчикке кирет.
Багыты:
айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук — 470 519;
дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо — 125 682;
транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо — 42 941;
кайра иштетүү өнөр жайы — 16 027;
мейманкалардын жана ресторандардын ишмердиги — 15 517;
курулуш — 8 296;
маалымат жана байланыш — 4 296;
финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 3 017;
пайдалуу кендерди казуу — 815;
суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу — 760;
электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) — 302.
Кыргызстанда акчанын көлөмү алгачкы жолу 200 млрд. сомдон ашты