Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Харьковго жакын жерде испан тилинде сүйлөгөн жалданма аскерлер жок кылынды

Март айынын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөгө согушуу үчүн 16 миң чет элдик жалданма жоокер келерин билдирген.
Sputnik
Россия армиясынын жана Донбасс республикаларынын союздаш күчтөрүнүн артиллериялык экипажы Харьковго жакын жерде испан тилдүү жалданма аскерлердин тобун жок кылышты. Азырынча алардын жарандыгы тууралуу так маалымат жок экенин РИА Новости билдирди.
"30-июлда Русская Лозовая айылында бешке жакын жалданма жоокер каза болуп, онго жакыны жарадар болгон. Маалыматтарга караганда, алар — испандар", — деп айтылат билдирүүдө.
Табылган топтун согушкерлеринин жарандыгы тууралуу так маалымат жок.
Март айынын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөгө согушуу үчүн 16 миң чет элдик жалданма жоокер келерин билдирген. Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги жаңжал болгон аймакка жалпысынан 60 өлкөдөн 7,1 миңдей адам келгенин, бирок алардын саны 2,7 миңге чейин кыскарганын айткан болчу.
Россия 24-февралдан бери Украинада аскердик операциясын жүргүзүп жатат. Владимир Путин анын милдетин "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Тема боюнча:
Медведев Украинанын аймактары башка өлкөлөргө өтүп кеткен картаны көрсөттү