Радио

Алымкулов: электр энергиясынын баасын 1,5 сомго көтөрүү керек

КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов электр энергиясына болгон тарифти кымбаттатуу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 30 тыйындын тегерегинде эсептелсе, өкмөт калкка 77 тыйындан сатып келүүдө. Бардык абалды эске алуу менен электр энергиясынын баасын 1,5 сомго жогорулатуу керек. Бул тууралуу Карыпбек Алымкулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн электр энергиясына карата жаңы, чектөөсүз тарифи дагы каралып, алымча-кошумча киргизилиши керек.
"Акыркы жылдары электр энергиясын колдонуучулардын саны кескин өстү. Биз суунун кубатын пайдаланып дагы ири ГЭСтерди курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок мунун баары барып акчага такалат. Демек, энергетика тармагын реформалоо керек. Мисалы, электр энергиясын 1,5 сомго кымбаттатуу керек. Учурда Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 30 тыйындын тегерегинде эсептелсе, өкмөт калкка 77 тыйындан сатып келүүдө. Энергетика — экономиканын негизги түркүгү. Баа саясаты туура чечилсе, туура башкаруу болсо тез эле жолго салса болот. Болгону калкка бул саясаттын маанилүүлүгүн, зарылдыгын түшүндүрүү керек. Мындан тышкары, министрлер кабинети электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тариф бекитип, анын наркы 5 сом 4 тыйынды түздү. Бирок бул эреже тиешелүү чектен өткөндөн кийин гана киргизилсе туура болмок", — деди Алымкулов.
Ошондой эле адис ири ГЭС курууда Кытайдын компаниялары менен иштешип, тажрыйбасын алса болорун кошумчалады.