БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Муниципалитет жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган долбоор үчүн жети автоунаа сатып алган.
Көчмө амбулатордук кызмат бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталып, үй-бүлөлүк дарыгердин жана адистердин кеңешин, диагноз коюуга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардамга багытталган медициналык кеңештерди камтыйт.
Кызмат төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик оору менен жабыркаган бейтаптарга жардам көрсөтөт. Ал тез жардам чакырууларын тейлебейт, ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар Тез жардам кызматында кала берет. Көчмө амбулатордук кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Жардам көрсөтүлүүчү бейтаптардын тизмеси бейтаптын же анын туугандары менен камкорчуларынын кайрылуусунун, ҮМБ же ҮДТнын билдирүүсүнүн негизинде, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын журналы боюнча түзүлөт.
Амбулатордук кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
дарыгер айткан үйдөн чыкпоо режимин так сактоо зарыл болгондо (врач-консультанттын сунушу боюнча стационардан чыккандан кийин дарыгерди үйгө чакыруу);
өнөкөт оору курчуганда, эгер бейтапты унаа менен ташууга мүмкүн болбосо, кыймылдай албаса;
оорунун терминалдык стадиясында турган, интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психосоциалдык жардамга, узак мөөнөттүү башка бирөөнүн камкордугуна муктаж бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн;
зарыл болгон учурда стационардан чыккандан кийин оор дартка чалдыккан балдар жана чоңдорго айыкканга чейин байкоо жүргүзүү үчүн;
унаа менен ташуу мүмкүн болбогон бейтаптарга рецепт жазуу үчүн;
документтерди жана эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздөө менен убактылуу эмгекке жарамсыздыкты экспертизалоо үчүн;
ооруканага жаткырууга жолдомону тариздөө үчүн.
Кызмат көрсөтүүчү топтун курамына дарыгер, медайым, социалдык кызматкер, психолог, санитар, ыктыярчылар кирери айтылды.
Көчмө кызматтын автоунаалары багыттама навигациясы менен жабдылат, бул команданын жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Жаңы алынган автоунаалар №1, 2, 3, 4, 5, 9,10 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна бөлүштүрүлдү.