Бишкек мэриясы жаңы муниципалдык ишкана түзүп жатат. Максаты

Бишкек мэриясы. Архив
Муниципалитет шаардык жаңы кызматтын функциялары тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасын түзүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Жаңы ишкананын функциялары:
сугат суусун жана анын рационалдуу колдонулушун көзөмөлдөө;
арыктарды жана каналдарды тазалоо;
ирригациялык жана коллектордук-дренаждык түйүндөрдү оңдоо;
чарба субъектилеринин суу колдонушун көзөмөлгө алуу менен шаар бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Учурда бул функцияларды "Бишкек жашыл чарба" ишканасы аткарып жатат.
Бишкектин троллейбустары улуттук стилде кооздолгонун мэрия билдирди
Бишкектеги троллейбустар улуттук стилде кооздолду. Сүрөт