БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШ жана анын союздаштары Россиянын инфраструктурасына чабуул жасоо үчүн Украинанын IT-армиясын түзгөнүн мойнуна алууда. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын ТИМ башчысынын орун басары Олег Сыромолотов билдирген.
БУУнун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) боюнча жумушчу тобунун үчүнчү сессиясы тууралуу айтып жатып, Сыромолотов Россиянын делегациясы фактыларга таянып АКШ жана анын союздаштары маалыматтык-коммуникациялык технологияларды чабуул жасоо үчүн колдонуп жатканын эскерткенин билдирген.
"Алар Россиянын инфраструктурасына чабуул коюу үчүн Украинанын IT-армиясын түзгөнүн да мойнуна алууда", — деген дипломат.
Июнь айында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык маалыматтык коопсуздук департаментинин директору Андрей Круцких Украина, АКШ жана Грузиядан келген хакерлердин тобу Россиянын мамлекеттик органдарына киберчабуул жасап жатканын билдирген. Ал эми Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва маалымат коопсуздугуна шек келтирүүгө болгон бардык аракеттерге туруштук берерин билдирип, Батыш Украинада хакерлердин армиясын "өстүрүп" жатканын кошумчалаган.