Пелоси Тайванга сапары чуу менен коштолгон себебин түшүндүрдү

Спикер ушул жылдын башында Тайванга конгресстин башка мүчөлөрү тынч эле келип кеткенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга болгон иш сапарынын тегерегиндеги ызы-чуу боюнча өз позициясын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Белгилей кетчү нерсе, конгресстин мүчөлөрү ушул жылдын башында Тайванга келип кетишкен. Мисалы, эл аралык байланыштар боюнча комитетти жетектеген Менендес мырза келгенде эч ким чуу салган эмес. Балким менин кызмат ордум, тагыраагы, спикер экеним таасир эткендир. Ушундай да себептери болушу мүмкүн, так айта албайм, бирок булар АКШдан эркек кишилер келгенде эч бир дүрбөлөң салышпайт", — деди Пелоси.
Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "Бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.
Бүгүн эртең менен КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Тайвандын Кытай менен толук биригүүсү акыры боло турган нерсе экенин, Кошмо Штаттар аралдын көз карандысыздыгы үчүн кандай гана аракет кылбасын баары текке кетерин колушчалады.
Ал эми Кремль Пелосинин сапарын аймактагы чыңалууну күчөткөн провокация деп атаган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну дүйнөнүн бардык өлкөлөрү каттап жатканын билдирип, Россиянын Кытай менен тилектештигин белгиледи.
Россиялык серепчи: АКШ Пелосинин сапарынан соң Кытайдан биротоло кол жууду