Кытай: Тайвандын өлкө менен биригүүсү акыры боло турган нерсе

2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Тайвандын Кытай менен толук биригүүсү акыры боло турган нерсе. Мындай билдирүүнү КЭРдин тышкы иштер министри Ван И АКШ Конгресинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапарына жооп катары жасаганын РИА Новости жазды.
"Улуттун толук кандуу биригүүсү ишке аша турган нерсе. Андыктан мен АКШга кытай элинин биригүүсү боюнча улуу ишке тоскоолдук болбоого чакырам. Кошмо Штаттар аралдын көз карандысыздыгы үчүн кандай гана аракет кылбасын, баары текке кетет. Анткени биз үчүнчү күчтөргө мүмкүнчүлүк бербейбиз", — деди Ван И.
Министр ошондой эле Кытайдын өнүгүүсүн ооздуктоо үчүн Тайванды колдонуу аракети жүзөгө ашпайт деп ишендирди. Ал АКШ Азия — Тынч океан чөлкөмүндө башаламандык жаратуу үчүн "Тайвань оюндарын" баштабашы керектигин белгилеген.
Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган Азия турнесин баштаган. Андан кийин маалымат каражаттары чиновниктин Тайванга баруу ниети тууралуу массалык түрдө жаза башташты. Пелоси коопсуздук талаптарына таянып бул маалыматты тастыктабай келген. Ал арада расмий Пекин Пелосинин аралга сапары "Бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.
Ал эми Кремль Пелосинин сапарын аймактагы чыңалууну күчөткөн провокация деп атады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну дүйнөнүн бардык өлкөлөрү каттап жатканын белгилеп, Россиянын Кытай менен тилектештигин белгилеген.
АКШ мамкатчысы: Тайванда кырдаал курчуса Кытай жоопкерчиликтүү болот