Кыргызстан Тайвандагы кырдаалга байланыштуу позициясын билдирди

ТИМ кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада басылышына, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөндү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тайвандагы кырдаалга байланыштуу үн катты. ТИМ "Кабар" агенттигине комментарий берген.

"Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй, "Тайвань маселеси" боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын тастыктайт", — деп билдирди тышкы иштер министри "Кабар" агенттигине.

Министрлик ошондой эле кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада басылышына, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнгөн.
Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истребителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.
Бүгүн Пелосинин Тайванга сапары аяктап, Түштүк Кореяга учуп кетти.
Пелоси Тайванга сапары чуу менен коштолгон себебин түшүндүрдү