Эпосто кездешкен "көнөк" деген сөздү учурда да колдонууга киргизип алууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү түз жана өтмө мааниде колдонуу мүмкүн.
"Эпосто "көнөк" деген сөз кездешет. Анын бир нече мааниси бар. Биринчи маанисинде бул төөнүн терисинен ышталып жасалган буюм. Аны менен суу, сүт, деги эле күнүмдүк турмушта колдонуучу суюктук ташылат. Ал эми экинчи маанисинде көөп, чоңоюп кеткен шишикти түшүндүрөт. Учурда суу, сүт сыяктуу суюктукту чака менен ташыйбыз. Мына ошого синоним катары "көнөк" деп колдонсок да болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.