Кайсы жерде келе жатканын көрө аласыз. Ошто маршруткаларга GPS коюлду

Буга чейин GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаарында коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилгенин калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Ош шаарында коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилгенин калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди

2 / 4

Бүгүн шаар башчысы Алмаз Мамбетов шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген 45 транспорттук ишкананын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, GPS системасынын бет ачары болгон

3 / 4

Ошондой эле ал мындай шарттардын түзүлүшү маршрутка айдоочуларынын өз милдеттерин так жана сапаттуу аткаруусун камсыздай турганын билдирди

4 / 4

Белгилей кетсек, буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга ийгиликтүү киргизилген

Бүгүн шаар башчысы Алмаз Мамбетов шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген 45 транспорттук ишкананын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, GPS системасынын бет ачары болгон.
"Бул системанын негизги максаты — шаардыктарга жана конокторго коомдук транспортту колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пунктуларын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ", — деди мэр.
Ошондой эле ал мындай шарттардын түзүлүшү маршрутка айдоочуларынын өз милдеттерин так жана сапаттуу аткаруусун камсыздай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга ийгиликтүү киргизилген.
Бишкек мэриясы 11 маршруттук каттамды өз карамагына алды. Себеби