Куру дегенде "чекеге чыккан чыйкан болгон" Сербияны кемсинтүүнүн эсебинен ушундай далалат кылууда деген пикирде аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Анткен менен НАТОдогу союздаштар 1999-жылдагыдай бомбалоону кайталоого даяр эмес. Тааныла элек Косовонун "эркиндиги жана эгемендиги" үчүн сербиялык авиация жана артиллериянын соккусуна кабылгылары жок.
31-июлдан 1-августка караган түнү Сербия менен тааныла элек Косово Республикасынын ортосунда KFOR (НАТОнун алдындагы эл аралык миссия) катышуусунда аз жерден куралдуу жаңжал тутанып кете жаздады.
Приштинадагы бийлик өз аймагында 1-августтан тарта сербиялык документтерди жана автомобилдик номерлерди жокко чыгарды. Косово-албан полициясы Сербиянын борбордук бөлүгүнө алпарчу жолдордогу эки көзөмөл-өткөрүү бекетин жаап салды. Бул Косовонун түндүгүндө жашаган сербиялыктарды кыжырдантып, коргон куруу аракеттери өзүнөн өзү башталып кетти.
Приштина Сербия менен чектешкен административдик линияга 1000 чакты албан спецназды жеткирди. НАТОнун миссиясы (KFOR) жаңжалды арачалоого даяр экенин билдирди.
Белград Косового армиялык бөлүктөрүн киргизген жок. Ошентсе да сербиялык МиГ-29 истребителдери жана Ми-35 тик учактары аймактын административдик чек арасына жакын көктө айланып жүрдү.
Соңку жылдары Россия менен аскердик-техникалык кызматташтык Сербияга коргонуу жөндөмүн кыйла чыңдап алууга мүмкүнчүлүк түздү. Белград Москвадан алты МиГ-29 истребителин, он БРДМ-2МС бронетранспортерун, ошондой эле жети Ми-17 жана Ми-35 тик учагын, заманга бапташтырылган 30 Т-72МС танкын, 30 БРДМ-2 ок өтпөс унаасын, алты "Панцирь-С1" ракеталык-замбиректик комплексин тартууга алган.
2020-жылдын күзүндө "колдоо көрсөтүү, аскер-техникалык жардам жана аскердик кызматташуу маселелерин ыкчам чечүү үчүн" Сербияда РФ Коргоо министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Россия тааныла элек Косовонун айланасындагы кырдаалда Сербияны колдойт. Москва аталган крайдын ал жакта жашаган сербдерге койгон талабы негизсиз экенин белгилейт. Косоводогу окуялар "жумшак" формада этникалык тазалоого окшоп турат. Сербдерди кысымга алып, алар өз өлкөсүнүн күрөө тамыры деген аймактан кууп чыгууга тырышууда.
KFOR миссиясынын кыйратуучу ролу
Балкандарда Сербиянын Куралдуу күчтөрү бекем деп эсептелет, ал эми аскердик күчтүн дүйнөлүк Global Firepower рейтингинде батыш талдоочулары аталган мамлекетти 61-орунга чыгарышкан. Маселен, сансыз колу бар Азербайжан менен Казакстандан да бир нече сапка алдыда.
Сербия армиясында 25 миң аскер, 117 учак жана тик учак, 323 танк, башка ок өтпөс техниканын 1 133 бирдиги, залптык октун реактивдүү тутумунун 406 ракеталык бирикмеси, 497 чакты артиллериялык куралы бар.
Сербия деңизге чыга албайт, анткен менен Дунайда алты күзөтүүчү катер, төрт мина тральщиги жана эки понтондук батальон иштейт. Өз өлкөсүнүн бүтүндөй аймагын тартипке келтирүүгө, косоволук согушкерлердин санын кыйла кыскартууга Белграддын аскердик күчү жетишерлик. Бирок эзелтен сербдер менен албандардын ортосуна сырттан от жагылганы маалым. Приштинадагы бийликти жамааттык Батыш сүрөп келет.
НАТОнун жетекчилигиндеги KFOR эл аралык миссиясынын аймакта алпарган иши майнапсыз. Ал 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1244- резолюциясынын негизинде түзүлгөн. Билдирүүлөрү көп, бирок Косоводо "бардык жамааттарга тынч жагдайды жана эркин жүрүүнү" камсыздабайт.
KFOR контингентин ушул тапта НАТОнун 28 мүчөсү жана өнөктөш өлкөсүнөн 3 775 аскер кызматкери түзөт. Маселен, курамында Армения менен Украинадан 40тан жоокер, Молдова – 41, Румыния – 62, Латвия – 136, Польша – 247, ошондой эле Венгриядан 469 аскер бар. Күчү жогору дешке болбойт деңизчи, бирок аскер саны, узактыгына карабастан НАТОлук тынчтык орнотуучулар тарыхта эч бир миссияны ийгиликтүү жыйынтыкташкан эмес.
НАТОнун башкы катчысынын орун басары Мирча Жоанэ жана Түндүк атлантикалык кеңеш KFOR миссиясына, 7-июлда Косоводо НАТОнун кеңешүүчү жана байланыш топторуна келип кабар алганы белгилүү. Муну менен алар сербдерге аскердик блоктун жаңы Стратегиялык концепциясынан, Түндүк атлантикалык альянс үчүн Батыш Балкан чөлкөмүнүн стратегиялык маанисинен кулак кагыш кылышты.
31-июлда аймактагы кырдаалдын курчушу АКШ менен НАТОнун "камкордугунун" натыйжасы өңдөнөт. Батыштын косоволук чыгымдарды колдонуу менен Сербияга көрсөтүп жаткан жамааттык кысымы – Белградды Европа биримдигинин Россияга каршы санкцияларын колдоого "жумшак күч" менен мажбурлоо аракети.
Бир аз мурдараак Германиянын канцлери Олаф Шольц Приштинага барган иш сапарында Сербияны "Косовону таануу процессинде прагматизмге чакырып", антпесе өлкө Европа биримдигине кире албастыгын кыйыткан. НАТОнун Белградга 1990-жылдардагыдай опузалары бүтүндөй Европа үчүн кооптуу. Ансыз да азыр биримдик оор аскерий-саясий көйгөйдү, Кошмо Штаттардын "украиналык долбоорунун" тийгизген кесепеттерин жоюу менен алпурушуууда. Балкандардагы согуштук аракеттерге НАТОнун курамындагы европалык мамлекеттер даяр эмес.
Москва жергиликтүү сербдердин жеке документтерин жана каттоо номерлерин алмаштырууга мажбурлоо радикалдардан коргоону камсыз кылып жаткан мамлекеттик институттарды кысымга алуу деп эсептейт.
Россия жана бир катар өлкөлөрдүн колдоосу, Европа биримдигинин "түзөтүүчү реакциясы" атайын уюштурулган косоволук каатчылыкты кийинкиге жылдырып турууга шарт түздү.
Канткен күндө да тааныла элек Косово Республикасындагы сербиялык документтердин ээлери 1-сентябрдан тарта аймакка кирип-чыгуу үчүн атайын уруксат алууга, ал эми унаа кожоюндары каттоону өзгөртүүгө аргасыз болушу көйгөйдүн чечилиши эмес.
Таанылбаган Косовонун территориясында НАТОнун (KFOR) күчтөрү болушу иш жүзүндө куралдуу жаңжалды "кайра тутантууну" кепилдеп турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.