Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу келишимине күздө кол коюлмай болду

Буга чейин министрлер кабинети КР аймагындагы магистраль Торугарт — Макмал — Жалал-Абад аркылуу өтүшү мүмкүн экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Самаркандда өтө турган ШКУ саммитинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге кол коюу пландалып жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Владимир Норов билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
Бүгүн Ташкентте Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркиянын ТИМ жетекчилеринин, соода жана транспорт министрлеринин жолугушуусу болгон.
"Биз Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатабыз. ШКУ мамлекет башчыларынын 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган саммитинде тийиштүү документке кол коюусу пландалууда", — деди Норов.
Анын айтымында, бул темир жол коридорунун Транскавказдык коридор менен биригиши Кытай менен Европанын соода алакасын кеңейтүүгө бирдиктүү транспорттук түйүн түзмөкчү.
"Так ушул себептен улам Өзбекстан Азиядан Европага карай маршрутту кыскарта турган Зангезурский коридорунун калыбына келтирилишине кызыкдар", — деп белгиледи Норов.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол магистралы кытай темир жолдорун Өзбекстан менен байланыштырып, андан ары Афганистанга, Иранга жана Түркияга кетиши керек. Буга чейин министрлер кабинети КР аймагындагы магистраль Торугарт — Макмал — Жалал-Абад аркылуу өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Долбоор ишке ашса Борбор Азия маанилүү транзиттик маршрутка айланат.
Жапаров Кытайдын ТИМ жетекчисин кабыл алып, маанилүү долбоорлорду талкуулады