Жапаров Түркмөнстан менен Япониядагы элчилерди кызматтан алды

Дипломаттардын жумуштан четтетилген себеби айтылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Япония жана Түркмөнстандагы элчилерди кызматынан четтеткен жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы элчиси, Талант Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматынан бошотулган.
Билдирмеге караганда, Арстанбаев Япониядагы гана эмес, Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан да четтетилген.
Дипломаттардын жумуштан алынган себеби айтылган жок.
Мирлан Арстанбаев Японияга 2019-жылы элчи болуп дайындалса, Австралия, Жаңы Зеландия жана Филиппинде өкүлчүлүк кылуу милдети 2021-жылдын июль айында кошулган.
Ал эми Талант Султанов 2021-жылдын май айында Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.
"Тазалык" ишканасынын директору жана орун басары алмашты