Казыбек казалчы тууралуу китеп жарыкка чыкты

Сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. – Sputnik. Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгына арналган китеп жарыкка чыкты. Бул тууралуу анын түзүүчүсү, КРдин эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев Sputnik агенттигине кабарлады.
Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгына арналган китеп жарыкка чыкты
Эскерте кетсек, 5-6-августта казалчынын 120 жылдык мааракеси белгиленет.
Эскерте кетсек, 5-6-августта казалчынын 120 жылдык мааракеси белгиленет
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп. Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталды. Ошондой эле казалчынын 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылды.
Казыбек казалчынын 120 жылдыгы Ат-Башынын Босого жайлоосунда белгиленет