Бир сааттын ичинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

ӨКМ элди сак болууга чакырып, кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидрометтин маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
ӨКМ элди сак болууга чакырып, кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалууну өтүндү. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү