Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эл сабыр керек экенин түшүнөт. Украинага барган казакстандык журналисттин баяны

Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы Александр Мироглов Украинанын бошотулган Северодонецк шаарына барып келди.
Sputnik
Жергиликтүү тургундар Северодонецкиде абал салыштырмалуу тынчып калганын айтышкан. Элдик милициянын кызматкерлери менен Россия аскерлери аймакты минадан тазалап жатышат.
Автор даярдаган видеодон Северодонецкинин айрым жерлеринде аман калган үй дээрлик жок экенин көрүүгө болот. Көчөлөрдө снаряд түшкөн жерлер оюлуп, темир-тезекке толуп калган.
Журналист коңшу Лисичанск шаарына дагы баш бакты. Эки шаар тең гуманитардык катастрофа алдында турат. Жергиликтүү эл суу, тамак-аш жана дары-дармекке муктаж. Россия менен ЛЭР элди зарыл нерсе менен камсыздоого аракет кылууда.
Тема боюнча:
Украиналык аскерлер Донецкиге сокку урууда тыюу салынган курал колдонушкан