CNN Travel: кымыз Кыргызстанга барган туристтердин агымын көбөйтүүдө

Бээнин сүтү ден соолукка пайдалуу болгондуктан көптөгөн чет мамлекеттиктердин кызыгуусун кескин өстүргөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуттук суусундук кымыздын арты менен Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйүүдө. Бул тууралуу CNN Travel жазды.
Телеканалдын маалыматына караганда, ферменттелген бээнин сүтү ден соолукка пайдалуу болгондуктан көптөгөн чет мамлекеттиктердин кызыгуусун кескин өстүргөн.
"Борбор Азиядагы мурдагы советтик республиканын борбор калаасы кымызды аралаштырган таяктын (бишкек) атынан коюлганы да кымыздын кыргыз маданиятындагы ордун көрсөтүп турат", — деп айтылат макалада.
Кыргызстан туристтерди салттуу көчмөн жашоо образы менен таанышып кетүүгө чакырып келет. Келген коноктор жайлоодогу боз үйгө түнөп, кымызга айлана элек бээнин сүтүн (саамал) иче алышат.
"Биз Кыргызстанга барган досторубуздан саамал тууралуу уккандан кийин даамын татып көрүүнү чечтик. Эми анын даамын сүрөттөп бере албайм. Сауд Аравиясында салыштыруу үчүн андай нерсе жок", — деди меккелик турист Ибрагим Аль-Шариф.
Телеканал уйга караганда бээни сааш оор экенин жана саамалдын убагы майдын орто ченинен июлдун ортосуна чейин созуларын белгилеген.
Радио
Саткынов: сүт иччү адам бээ менен саанчынын справкасын талап кылууга укуктуу