Дарыгерлер бөйрөккө бычак деген 5 азыкты аташты

Медиктер санаган азыктардын арасында сүт, банан дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Дарыгерлер En Son Haber басылмасы үчүн бөйрөктү жабырката турган беш азыкты санап бергенин РИА Новости жазды.
Адистер туура тамактанууну эске салып, бөйрөккө зыян деген азыктардан алыс болууга үндөгөн. Ошондой эле чылым менен спирт ичимдигин таштоо керектигин белгилешкен.
Мындан тышкары, медиктер бөйрөккө зыян деген көпчүлүк билбеген беш азыкты санап беришкен.
Туз
Тузду көп колдонуу бөйрөктү жарактан чыгарат. Кайра иштетилген тамак-ашта туз көп. Ошол себептен аларды рациондон чийип салуу керек.
Сүт
Бул азык ден соолукка пайдалуу, бирок ченеми менен ичиш керек. Сүттүн курамында фосфор бар. Ал маанилүү органды жабыркатышы ыктымал.
Апельсин
Бул цитрус жемиши С витаминине бай. Бирок анда калий көп. Эгер калийди кандан чыгарбаса, организмге терс таасирин тийгизип калышы ыктымал.
Банан
Бананда да калий көп болгондуктан ашыкча жегенге болбойт.
Эт
Кызыл эт дагы бөйрөктү алсыратат. Андагы белок оңой менен сиңбей, аны чыгаруу үчүн бөйрөк көп иштеп, энергиясын коротот. Ошол себептен этти да ашыкча колдонуу сунушталбайт.
Медик: адамдын кайсы жери ооруганын эриндеринен билсе болот