Баткендеги үлпөт тойдо уулангандардын саны 89 адамга жетти. Окуянын чоо-жайы

Тойдо салаттын үч түрү, ысык тамак жана эт берилген. Салат менен этти тойдун уюштуруучулары үйдөн бышырып келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы тойдо уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 31-июлда, Баткенде эл массалык түрдө ууланганы кабарланган. 250 киши конок болгон үлпөт той Кадамжай районундагы "Алмаз" кафесинде өткөн.
"31-июль күнү Кадамжай районундагы ооруканага тамакка ууланган белгилер байкалган адамдар кайрыла баштаган. Алардын дене табы көтөрүлүп, алсырап, ичи өткөн. 1-август саат 11:00гө карата уулангандардын саны 89 адамга жетти. Алардын арасынан 16 адам ооруканага түшкөн. Эки бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, биринчи медициналык жардамдан соң абалы жакшырган", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматы боюнча, тойдо салаттын үч түрү, ысык тамак жана эт берилген.
"Салат менен этти тойдун уюштуруучулары үйдөн бышырып, анан кафеге алып келген. Кафеде ысык тамактар гана даярдалган. Кафе 31-июлда иштеген эмес. 1-августта текшерүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аштын калдыктары лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөн", — деп айтылат билдирмеде.
Кафе ээлерине мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынары айтылды. Ошондой эле ишин убактылуу токтотуу боюнча эскертүү берилген.
Ысыкта тамак-ашка ууланып калбаңыз. Адистердин маанилүү кеңеши