2-августка карата аба ырайы

2-августка караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Шейшембиде өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас жергесинде +29...+34, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарында +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33...+35, Ошто +34...+36 жана Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градуска жетет.
Апта ичи Баткен облусунда аба ырайы кандай болору айтылды