Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кара деңиз флотунун штабына сокку урулуп, беш киши жаракат алды

Бүгүн Россияда Аскер-деңиз флотунун күнү болчу. Коопсуздук үчүн Севастополдо майрамдык иш-чаралардын бардыгы токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кара деңиз флотунун штабына пилотсуз учак менен сокку урулуп, беш киши жаракат алды. Бул тууралуу Севастополь шаарынын губернатору Михаил Развожаев Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бүгүн эртең менен Украинанын улутчулдары Аскер-деңиз флотунун майрамын бузду. Штабдын короосуна белгисиз объект учуп келди, болжолдуу маалымат боюнча бул — пилотсуз учак. Беш кызматкер жаракат алды, каза болгондор жок. Бардыгына жардам көрсөтүлдү. ФСБ иштеп жатат, жагдайлар такталууда", — деп билдирген Развожаев.
Ал Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын бардыгы коопсуздукту сактоо үчүн токтотулганын кошумчалаган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары үчүн Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Учакты айдай качсаң акча беребиз. Украина чалгынынын россиялык пилотко сунушу