"Азия балдары" оюндары. Кыргызстандык эки спортчу тхэквондо боюнча эки медаль алды

Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандан 48 жаш спортчу кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандык эки спортчу VII "Азия балдары" эл аралык мелдешинде тхэквондо боюнча эки медаль алганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
"48 килограмм салмак категориясында Нурхан Самидинов күмүш медалдын, ал эми 73 килограмм салмакта Ибрахим Умаров коло байгенин ээси болду", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Россиянын Владивосток шаарында VII "Азия балдары" эл аралык мелдеши өтүп жатат. Ага катышууга спорттун тогуз түрү боюнча Кыргызстандан 48 жаш спортчу кеткен.
"Азия балдары" оюндары 1996-жылдан тарта төрт жылда бир өткөрүлүп келет. Ага 16 жашка чейинки спортчулар катыша алат.
Тынар Шаршенбеков Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль утту. Видео