Радио

Галбаев: кыймылдын аздыгы ар кандай коркунучтуу илдеттердин өрчүшүн шарттайт

№1 Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Галбаев кыймыл-аракеттин аз болушу ар кандай кооптуу ооруларды өрчүтө турганын айтты.
Sputnik
Кыймыл-аракеттин аздыгы кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, рак сыяктуу илдеттердин өрчүшүн шарттайт. Бул тууралуу Нурлан Галбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, автоматташкан техникалардын көбөйүүсү кыймыл-аракеттин азаюусуна алып келүүдө.
"Кыймыл — скелет булчуңдар тарабынан жасалган аракет. Белгилүү физиолог "кыймыл — бул булчуңдар үчүн майрам" деген экен. Канчалык кыймыл көп болсо кан айлануу системасы жакшы болуп, кычкылтек булчуңдарга барат. Ал эми кыймыл-аракет аз болсо булчуң эттер кадимкидей депрессияга учурайт. Кыймылдын үч түрү бар. Биринчиси, күнүнө 30 минутага чейин кыймыл жасагандар пассивдүү топко кирет. Булар көбүнчө компьютер же телефон менен иштегендер жана көп баспагандар. Ал эми 60-120 минутага чейин кыймыл жасагандар орточо интенсивдүү топко кирет. Алар жөө басып, үйдө оокат жасап жүргөндөр. Ал эми ар кандай спорт менен машыгып, активдүү болгондор жогорку интенсивдүү топко кирет. Учурда пассивдүү кыймыл коомдо көйгөйгө айланууда. Мунун негизги себептери — ар кандай техниканын көптүгү. Ар бир үйдө бирден транспорт бар, жумуштарды автоматташтырылган техника менен жасашат. Компьютер, телефон менен иштеген жумуштар же ойногондор көбөйдү. Мына ушунун баары гиподинамияга алып келүүдө. Бул өз кезегинде жүрөк-кан тамыр, диабет, дем алуу органдарынын оорулары, рак сыяктуу терс илдеттерди өрчүтөт. Ошондуктан учурда сергек жашоого үндөгөн иш-аракеттерди күчөтүү зарыл. Муну алдын алуу үчүн автоунаадан түшүп эки аялдама жөө басууну сунуштайбыз. Мындан тышкары, жумуш учурунда көнүгүүлөрдү, дем алуу гимнастикаларын жасоого кеңеш беребиз. Эң башкысы, тамактан кийин сейилдөөнү адатка айлантуу зарыл", — деди Галбаев.
Ошондой эле ал учурда кыймылдын аздыгынан өспүрүмдөр өзгөчө жабыр тартып жатканын кошумчалады.