БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бразилиялык мушкер Аманда Нуньес америкалык атаандашы Жулианна Пеньяны жеңип, кайрадан жеңил салмакта UFC чемпиону болду.
Кармаш 31-июлга караган түнү АКШнын Даллас штатында болду. Нуньес менен Пенья беш раунд толук кармашып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш бразилиялык спортчуга ыйгарылды.
Эске салсак, 2021-жылы декабрда Пенья Нуньести муунтуу ыкмасы менен жеңип, жеңил салмактагылар (61 кг) арасында чемпион болгон.
Бразилиялык мушкер UFC уюмунун жарым жеңил салмак (65 кг) дивизионунда да чемпион. Уюмдун тарыхында эки чемпиондук кур тагынган айым катары белгилүү.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу, UFC чемпиону Валентина Шевченко баштапкы салмагында (61 кг) Нуньес менен 2016-2017-жылдары эки ирет беттешип, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган. Андан кийин Шевченко 57 килограмм салмакка өтүп, чемпиондук наам алган. Ал бразилиялык спортчу менен реванш-беттеш өткөрүү ниети бар экенин айтып келет.