1-августка карата аба ырайы

1-августта республиканын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +26…+31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу