БУУ: жер семирткич тартыштыгы азык-түлүктүн жаңы кризисин жаратат

Африка жана Латын Американын көптөгөн өлкөлөрүндө жер айдоо мезгили башталды. Азыр жер семирткичтер аларга жетпей калса, түшүмдүүлүк 10-17 пайызга кыскарат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Эгер жакын арада жер семирткичтерди дүйнөлүк рынокко алып кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбесе, жыл соңунда тамак-аштын жаңы кризиси башталат. Бул тууралуу БУУнун Африкадагы Экономикалык комиссиясынын аткаруучу директору Вера Сонгвеге шилтеме берип Ridus кабарлады.
Анын айтымында, Африка жана Латын Американын көптөгөн өлкөлөрүндө жер айдоо мезгили башталды. Азыр жер семирткичтер ал аймактарга жетпей калса, түшүмдүүлүк 10-17 пайызга кыскарып, планетадагыларды тамак менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү төмөндөйт.
2022-жылы март айында дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн кымбатташы 1990-жылдардагы рекордду жаңылап, 13,2 пайызга жеткен. Тамак-ашка суроо-талап ар дайым көбөйүп жатканы менен сунуш азайып баратат. Дүйнөлүк банктын жана рыноктун катышуучуларынын божомолуна ылайык, баалар 2024-жылга чейин көтөрүлгөндөн көтөрүлө бермекчи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш ачкачылыкка даярданууда. Дүйнө Россиянын эгинин күтүп жатат