RT аскердик кабарчылардын сынагына эмгектерди тапшыруу башталганын жарыялады

Быйыл Украинадагы атайын операцияны чагылдырган журналисттердин эмгектери кабыл алынмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Russia Today телеканалы Khaled Alkhateb International Memorial Awards сынагына эмгектерди кабыл алууну баштады.
RT бул чатак болгон аймактарда иштеген журналисттерге сыйлык ыйгарган эл аралык сынак экенин айтты. Быйыл Украинадагы атайын операцияны чагылдырган журналисттердин эмгектери кабыл алынмакчы.
Халед аль-Хатыб атындагы сыйлык төмөнкү категорияда берилмекчи:
"Чатак болгон аймактан жасалган мыкты эмгек" — атайын операцияны чагылдырган журналисттердин репортажы;
"Мыкты эмгек: гуманитардык миссия" — чатак болгон аймакта жүрүп качкындарга, жай жарандарга, шаардын калыбына келишине, тынч жашоого кайтууга жардамдашкандар тууралуу баяндар;
Khaled Alkhateb International Memorial Awards 2022 сыйлыгына ээ болгондор 200 миң рубль алат.
Катышуу үчүн арызды https://award.rt.com сайтына берсе болот. Эмгектер жазуу жана видеоформатта кабыл алынат.
Алгачкы жылдары сыйлык Ирак, Ирландия жана Сингапурдун журналисттерине ыйгарылган. 2019-жылы байге үчүн 25 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан. Сирия, Ирак жана Ливиядагы согуштарды чагылдырган Россиянын, АКШнын, Италиянын жана Индиянын журналисттери сыйлыктын лауреаттары болушкан. 2020-жылы RT сыйлыгын Россиянын, Сириянын жана Индиянын аскердик корреспонденттери алышкан.
Мыктыларды аныктоочу калыстар тобунун курамына чет элдик жана россиялык журналисттер кирген, алардын катарында Ирада Зейналова жана Евгений Поддубный, Александр Коц бар.
RT телеканалы Khaled Alkhateb International Memorial Awards сыйлыгын RT Arabic менен кызматташкан 25 жаштагы журналист Халед аль-Хатыбдын ысымына арнап негиздеген. Ал 2017-жылы Сириянын Хомс провинциясындагы согушкерлердин ракеталык аткылоосунда курман болгон. Халед өз репортаждарында Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен террорчулардын ортосундагы согушту чагылдырган. 2018-жылы Россиянын президенти Владимир Путин Халед аль-Хатыбды "Эрдик" же "Каармандыгы үчүн" медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул медаль маркум журналисттин ысымындагы сыйлык тапшырылган алгачкы салтанатта анын үй-бүлөсүнө берилген.
Кар ажыдаарынын бийи жана чиркөө. Стенин атындагы фото сынактан 15 мыкты эмгек