Кагазды бир карап койбойт. Путинге таң калган америкалык аткаминер

Американын тышкы саясат ведомствосунун өкүлү Путиндин амбициясына тан бериш керек деп эсептерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Уэнди Шерман Economist журналына Россия президенти Владимир Путиндин эрудициясына жана анын кагаз карабай сүйлөгөн жөндөмүнө таң калгандыгын айтып берген.
Шермандын айтымына караганда, ал 2015-жылы Сочидеги жолугушууда РФ лидери менен бир топко чейин сүйлөшкөн.
"Путин менен көбүрөөк Сочиде сүйлөшүп калдым. Ошол кездеги мамлекеттик катчы Жон Керрини коштоп баргам. Биз болжол менен төрт саатка жакын сүйлөштүк. Өтө акылдуу, сүйлөгөндө кагаз карабаган, кеби жатык, өзүнө өтө ишенген адам экен", — деп сүрөттөгөн Шерман.
Ал Россия жетекчисинин "өзүнүн айтканына бекем турганын" байкаганын да кошумчалаган.
"Каякка багыт алыш керектигин так билет. Ал койгон максатынан кайтпайт, көздөгөнүнө жетет", — деди Шерман.
Ал "Путиндин амбициялары кандай экендигин" бүт дүйнө сезип, билип койгону зарыл экендигин айткан.
АКШлык журналист Байден Путинден эмнеге чочулаарын айтты