Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсондо келечекте Россия менен бирге болуу боюнча декларация кабыл алышты

Форумга бардык райондордон миңден ашыгыраак делегат катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Херсон облусунда "Русский Херсон" декларациясы кабыл алынгандыгын РИА Новости кабарлады.
“Биз Россия менен биргебиз” деп аталган коомчулуктун форуму бүгүн, 30-июлда, Херсондо болду. Чогулгандар мындан аркы багытты жана тагдырларын аныктоо боюнча талкуу кылышкан.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумга бардык райондордон миңден ашыгыраак делегат келген. Херсон мамлекеттик университетинин залына батпай калгандар ичиндеги талкууну ЖОЖдун имаратынын алдына берилген радиотрансляциядан угушканын айтышты.
"Биз жарандарга мындан аркы тагдырын өздөрү чечип жана аныктоо укугун кайтарып беришибиз керек", — деген Херсон облусунун коомдук кеңешинин төрагасы Владимир Овчаренко форумду ачып жатып.
Херсон облусунун администрация жетекчиси Владимир Сальдо форумдун катышуучуларына кайрылып, учурдагы кадамдын маанилүү экендигине токтолгон.
“Биз бардыгыбыз бул нерсени канааттануу менен жактырып жасап жатабыз. Мындай маанайда жасалган иш ийгиликтүү болот. Келгиле, биздин ушул чечкиндүүлүгүбүздү, эр жүрөктүүлүгүбүздү жердештерибизге да өткөрөлү", — деген облус жетекчиси.
Чогулгандардын алдына ар кыл тармактагылар чыгып сүйлөгөн. Алардын арасында диний уюмдардын, билим берүүнү, медицинанын, афган согушунун катышуучуларынын, Херсон энелер биримдигинин өкүлдөрү болгон.
Форумдун жыйынтыгында алар Херсон облусундагы коомдук палатаны жана аймакты өнүктүрүүгө басым жасаган "Русский Херсон" декларациясын түзүү чечимин кабыл алышты.
Атайын операция учурунда россиялык аскерлер Херсон облусу менен Запорожье облусунун Азов бөлүгүн өзүнүн көзөмөлүнө алган. Региондо администрация түзүлүп, россиялык телеканалдар көрсөтүлүп, радио уктурула баштаган. Крым менен соода алака калыбына келтирилүүдө. Региондор Россиянын субъектиси болуу ниетин билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон облусунун бийлиги референдум сөзсүз болорун айтты