Бишкекте жер астынан өткөн кабель жарылып, эки район жарыксыз калды. Видео

Калаанын 7 жана 8-кичи райондоруна электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адамдар жер астынан өткөн жогорку чыңалуудагы кабелди үзүп салышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазды.
Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Анда аялдаманын артында казылган жерден жалын, кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

"Белгисиз адамдар, кыязы, курулуш иштерин жасап жатып электр тогу өткөн зымдарга тийип кеткен. Учурда адистердин бригадасы жеринде иштеп жатат. Жарым сааттын ичинде электр энергиясы калыбына келтирилет", — деп билдирди "Түндүк электр" ишканасы.

Бул учурда калаанын 7 жана 8-кичи райондору электр кубатысыз калды.
Бекмурзаев: кийинки жылы электр энергиясын кымбаттатыш керек деп эсептейм