БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгери УКМКнын кызматкерине пара сунуштаган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Күч түзүмүнүн маалыматы боюнча, кармалган жаран Кыргыз-Орус Славян университетинин жасалма дипломун пайдаланып жүргөнүн өз ыктыяры менен билдирүүгө даяр болгон. Бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМКнын кызматкерине 2 миң доллар пара сунуштаган. Андан текшерүү токтотулуп, фактыны жашырып коюусун суранган.
Кармалган жаран буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.
Пара берүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.