"Тазалык" ишканасынын директору жана орун басары алмашты

Шаар тургундары мекеме таштандыны убагында алып кетпей жатканын айтып, нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын директору Султан Алыбаев иштен бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров мындай чечимди шаардыктардын "Тазалык" ишканасынын дарегине айтылган сын-пикир, нааразычылыгынан улам кабыл алган. Борбордун тургундары ишкана таштандыны убагында алып кетпей жатканын айтып, нааразы болушкан. Мындан улам "Тазалык" ишканасынын жетекчисинин орун басары да иштен бошотулганы кабарланды.

"Алардын ордуна Нурлан Касымов ишкананын жетекчиси, ал эми Марат Алдашукуров анын орун басары болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтерге мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Президенттин жарлыгынан кийин 2000 мамлекеттик кызматкер жумуштан кетти