Сүйлөшкөн кызын бычактап, короосуна көөмп койгон. Айыпкер 15 жылга кесилди

Айыпкер мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ош шаарынын Кеңеш айылында сүйлөшкөн кызын бычактап өлтүрүп, сөөгүн үйүнүн короосуна көөмп койгон айыпкер 15 жылга кесилди. Бул тууралуу Ош облустук соттун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган иш Кара-Суу райондук сотунда каралып, 28-июлда өкүм чыккан. 24 жаштагы Н. А. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") 2-бөлүмүнүн "кош бойлуу аялды өлтүрүү" жана "мыкаачылык менен адам өлтүрүү" пунктулары боюнча күнөөлүү деп табылган. Натыйжада үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.
"Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди. Өкүмгө нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык даттанууга укуктуу", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, милиция үстүбүздөгү жылдын 30-январында 4-курста окуган студент кызды сүйлөшкөн жигити үйүнө алып барып пикир келишпестиктен улам бычактап салганын кабарлаган. Андан соң короосуна көөмп койгон. Кылмышка шектелип ОшМУда окуган 4-курстун студенти кармалган.
Сот өспүрүмдү зордуктоого айыпталгандардын бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди