ЖМК: Мексикада жүздөгөн мигрант камалган фураны трассага таштап кетишти

Жерине келген укук коргоо кызматкерлери 93 адамга жардам көрсөтүп, алардын 12си ооруканага жаткырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Мексикада аткезчилер ичинде 400дөй адам бар трейлерди эшиги бек бойдон трассага таштап кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү Azteca телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Контрабандачылар Веракрус штатынын түштүгүндөгү Акаюкан-Саюла-де-Алеман трассасында 400гө жакын мигрантты таштап кетишкен. Темир кузовдун ичинде аба түгөнүп бара жатканда ичиндегилер дүрбөлөң болуп, автоунаанын чатырын талкалай баштаган. Ызы-чууну уккан жергиликтүү тургундар аларды сыртка чыгарышты", — деп айтылат кабарда.
Маалыматка караганда, Гондурас, Сальвадор, Гватемала, Венесуэла жана Гаитиден келген мыйзамсыз мигранттардын көбү окуя болгон жерден качып кетишкен. Жерине келген укук коргоо кызматкерлери 93 адамга жардам көрсөтүп, алардын 12си ооруканага жаткырылды.
Кийин медиктер ооруканага түшкөндөрдүн арасында төрт метр бийиктиктен секирип буту сынгандар бар экенин айтышты. Ошондой эле көбүнүн организминде суу азайып кетип, эсин жоготкондор болгонун билдиришти.
Бул мыйзамсыз миграцияга байланыштуу аймактагы биринчи учур эмес. Июнь айында Техаста (АКШ) жолго ташталган жүк ташуучу автоунаада каза болгон мигранттардын саны 53кө жеткен. Фура Техастагы ири трассага алып барчу жолдон табылган. Анын ичинде 46 кишинин сөөгү болгон, жети адам кийин ооруканада көз жумган. Автоунаада суу да, кондиционер да болгон эмес. Мигранттар ысыктан каза тапкан.
АКШда мигранттардын сөөгү табылган фура. Айдоочу өлүм жазасына тартылышы мүмкүн