Жардамга бараткан тик учак аскага урунуп, жарылып кетти. Грузиядагы видео

Куткаруучулар капчыгайда кулап түшкөн парапланчыларды издөөгө бараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Грузияда чек ара полициясынын тик учагы куткаруу операциясы учурунда аскага урунуп кулады. Бул тууралуу Sputnik Грузия жазды.
Маалыматта тик учактын Гудаури капчыгайына кулап түшкөн парапланчыларды издөө үчүн учуп баратканы айтылган. Кадрдан транспорттун алгач аскага урунуп, андан кийин ылдый кулап, бир нече ирмемдерден соң жерден уюлгуган түтүн менен жалындын чыкканын көрүүгө болот.
"Мтавари архи" телеканалынын маалыматы боюнча, бортто беш адам болгон. Экипаж мүчөлөрүнөн сырткары Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары менен медиктери бараткан. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Биринин артынан бири кулап... Франциядагы велоспортчу аялдардын кырсыктаган видеосу